28 февраль 2025

Кароолор: 6

Зордук-зомбулукту жана кылмыштуулукту ооздуктоо, өз өмүрүнө кол салуунун кесепеттерин азайтуу менен бирге, мектеп окуучулары арасындагы буллинг жана кибербулингге каршы күрөшүүгө багытталган иш-чара болуп өттү.

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында мектеп рэкетчилиги, өспүрүмдөрдүн баңгизатты колдонуусунун алдын алуу, зордук-зомбулукту жана кылмыштуулукту ооздуктоо, өз өмүрүнө кол салуунун кесепеттерин азайтуу менен бирге, мектеп окуучулары арасындагы буллинг жана кибербулингге каршы күрөшүүгө багытталган иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова ачып, алдын алуу иштери жүргүзүлгөнү менен балдар арасында зордук-зомбулук көрсөтүү фактылары катталып, мектептердеги рекетчиликтин кесепети өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусу менен аяктап жатканын айтып, жалпы коомчулук балдардын келечеги үчүн жапа тырмак аракеттенүүсү керектигин белгиледи.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Зоорбек Ибраимов 2025-жылдын январь-февраль айларында жашы жетелектер тарабынан 1, ал эми жашы жетелектерге карата 4 кылмыш катталганын билдирди.

Жыйындын экинчи бөлүгү семинар менен улантылып, балдар арасындагы баңгиликтин алдын алуу, буллинг жана киббербулингдин окуучуга тийгизген кесепети жана анын алдын алуу, мектеп рекетчилиги – мектеп паравоздорун токтотуу ыкмалары, балдардын өз өмүрүнө кол салуусунун негизги себептерин эрте аныктоо, кечиктирилгис аракеттер боюнча эксперттер түшүндүрмө беришти.

Балдар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту ооздуктоо, зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча таасирдүү көндүмдөр, миграцияны алдын алуу жана токтотуу боюнча сунуштар боюнча дагы суроо-жооп түрүндө талкууланды.

Атайын түзүлгөн топтун эскперттери эми Талас районунан баштап Талас шаарындагы бардык мектептерде ата-энелер жана соцпедагогдор менен семинар-тренингдерди өткөрүшмөкчү. Ал эми бул темадагы көчмө жыйын март айында Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорунда уюштурулат.