Талас областы жөнүндө

 

Талас облусунун 

паспорту

 

 

 

 

2023-жыл

 

Ыйгарым укуктуу өкүл: Дарданов Нурлан Камалбекович

Биринчи орун басары: Осмонбеков Канымет Бийзакович

 

Орун басары: Жанузакова Кыял Байышевна

 

Талас облусу 

Талас облусу республиканын түндүк-батыш тарабында жайгашкан, жалпы аянты 11,400 миң км² ээлеп, республиканын жалпы аянтынын 6% түзөт. Облус батышынан коңшу Казахстан Республикасынын Жамбыл облусу менен чектешип Талас Ала-Тоо кырка тоолоруна чейин Талас өрөөнүн ээлеп турат, узундугу  210 км, ал эми туурасы 70 км түзөт. Облус түндүк жана батыш тараптарынан Казакстан Республикасынын Жамбыл облусу менен, түштүк жана түштүк-чыгыш тарабынан Чүй облусу менен жана түштүк-батыш тарабынан Өзбекстан Республикасы менен чектешип турат. Облуска болгон негизги каттам Талас-Өтмөк-Бишкек жана Талас-Өтмөк-Ош автожолу менен деңиз деңгээлинен бийиктиги 3226 метр болгон Өтмөк ашуусу аркылуу жүргүзүлүп турат.

 

 

Талас облусу

Борбору:Талас
Аянты:11,400 км²
Калкы:276886  (01.01.2022)  
ISO 3166-2:KG-T

 

 

Облустун административдик-территориалдык бөлүнүүсү

Талас облусу 1944-жылы түзүлгөн. Облус боюнча 1996-жылы 37 айыл өкмөтү түзүлүп, кээ бир айыл өкмөттөрдө эң көбү 5-7, ал эми орточо 2-3 айылдан турган айыл өкмөттөрдөн  түзүлгөн. Облуста жалпы 94 калктуу конуш болсо, анын ичинен: 1 шаар жана 93 айылдан турат.

1. Талас району, райондун борбору  Көк-Ой айылы. Талас районунда 13 айылдык аймагы жайгашкан.

2. Бакай-Ата району, райондун борбору Бакай-Ата айылы. Бакай-Ата районунда 9 айыл аймагы жайгашкан.

3. Кара-Буура району, райондун борбору Кызыл-Адыр айылы. Кара-Буура районунда 10 айылдык аймак жайгашкан.

4. Манас району, райондун борбору Покровка айылы. Манас районунда 5 айыл аймагы жайгашкан.

 

Талас шаарынын мэри: Джумаев Эрмат Джумаевич

 

Талас райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким: Нармырзаев Нургазы Жакыпович

 

Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким: Имаров Алгынбай Торалиевич

 

Кара-Буура райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким: Сагымбаев Бектур Абдыразакович

 

Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким: Жээнбеков Досмамбет Аматович

 

 

Жаратылышы жана жаныбарлар дүйнөсү

Облустун жаратылыш  шарты 3 зонага бөлүнөт.

  1. Бийик тоолуу аймагы- Талас Ала-Тоо тоо кыркасы, узундугу 240 км, бийиктиги 3500-3700 метр,  түндүк тарабында  Кыргыз Ала-Тоо тоо кыркасы узундугу 200 км, бул эки тоо кыркасы  Талас өрөөнүнүн  чыгыш тарабынан  биригет. Тоодогу  эң бийик чоку,  Манас чокусу  бийиктиги 4482 метр.
  2. Орто жана жапыз тоолуу аймак- Талас Ала-Тоо тоо кыркасынын жана  Кыргыз  Ала-Тоо тоо кыркасынын тоо этектеринде жайгашкан.
  3. Өрөөндүү   аймак- Талас Ала-Тоо тоо кыркасынын жана   Кыргыз Ала-Тоо тоо кыркасынын ортосунда, өрөөндө көптөгөн дарыялар агып Талас суусуна кошулат, дыйканчылык кылууга жакшы шартта жайгашкан.

Облустун жаныбарлар дүйнөсүндө 42 сүт эмүүчүлөрдүн, 165 канаттулардын, 14 сойлоп жүрүүчүлөрдүн, 3 сууда жана кургакта жүрүүчүлөрдүн жана 18 балыктын түрү бар. Талас өрөөнүн узундугу 100 км  ашык Талас суусу токой бойлото агып өтөт. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине төмөндөгү жаныбарлар катталган: аюу, илбирс, сүлөөсүн, архар, теке, кулжа, кийик; канаттуулардын 15 түрү: кара илек-илек, балабан, бүркүт, кумай, талаа бүркүтү ж.б.

 

Суу  ресурстары

Талас облусунун аймагында 250дөн ашык дарыя жана агын суулар бар. Алардын көпчүлүгү Талас суусуна куюлуп, жалпы узундугу 661 км түзөт. Суу бассейинин жалпы көлөмү 52 700 км² түзсө, анын ичинен 9 240 км² облустун аймагында орун алган. Бардык агын суулардын негизги бөлүгү талаачылык иштерине жумшалат. Дарыялардын жана агын суулардын негизги булагы болуп тоолордо жайгашкан узак жылдардан бери жаткан мөңгүлөр эсептелет. Мөңгүлөрдүн эриши март айында башталат, ал эми эң көп эрүү мезгили жай айларына туш келет.

Талас суусунун батыш тарабында жайгашкан Киров суу сактагычына топтолгон суу негизинен Манас районунун жана коңшу Казахстан Республикасынын райондорунун талаачылыгына жумшалат. Киров суу сактагычы 1965-жылы курулушу башталып 1975-жылы ишке берилген.  Аталган суу сактагычтын сыйымдуулук  көлөмү  550 млн. м³ түзөт. Плотинанын узундугу  – 258,5 м ал эми бийиктиги – 83,7  м.

Айыл – чарбасы

Талас облусунун экономикасында айыл чарба тармагы басымдуулук кылат. Айыл тургундарынын басымдуу көпчүлүгү дыйкан жана фермердик чарбаларда эмгектенет. 

Экономикалык жактан облус 3 зонага бөлүнөт: 

  1. Облустун батыш бөлүгүндө, Бакай-Ата, Манас жана Кара-Буура райондору, айыл чарбасы ар түркүн тармакты камтыйт. Райондордун жер иштетүүсүндө төө буурчак, картошка, жер-жемиштер, буудай жана кант кызылчасын өндүрүү   басымдуулук кылат, ошондой эле мал чарбачылыгы да өнүккөн. Облустун калкынын 59% ушул райондордо отурукташкан.
  2. Чыгыш бөлүгүндө Талас району жайгашкан, башка райондорго салыштырмалуу климаты суугурак, айыл чарбасында жер иштетүү салыштырмалуу азыраак өнүккөн. Негизги жер иштетүүдөгү өсүмдүгү картошка жана төө буурчак болуп саналат. Райондо мал чарбачылыгы басымдуулук кылат. Облустун калкынын  26% Талас районунда жашашат.
  3. Талас шаары облустун административдик жана коммерциялык борбору болуп саналат. Өнөр жай, кайра иштетүүчү ишканалар, ошондой эле чоң соода-сатык борборлору иш алып барат. Облустун калкынын  15% Талас шаарында отурукташкан.

Өнөр жайы

Облустун өнөр жай ишканаларын негизги эки категорияга бөлүүгө болот: 

Биринчи категорияга союз убагында калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында сырьёлук базасы жок ишканалар кирет. Мындай ишканалар импорттук сырьёлорго көз каранды. Бул ишканалар машина куруучу завод жана бут кийим фабрикасы, азыркы мезгилде иштебей токтоп турган ишканалардын катарына кирет.

Экинчи категорияга облуста болгон сырьего жана ресурстарга эсептелген ишканалар. Бул ишканаларда өндүрүлгөн продукциялар коңшу Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерге экспорттолот. Бул ишканаларга кайра иштетүүчү жана курулуш материалдарын чыгарган ишканалар кирет.

 


 

 

 

Көрсөткүчтөр

Маалымат

1

Республиканын борборуна чейин аралык, км

380

2

Жакынкы темир жолго чейинки аралык, км

100

3

Жакынкы аэропортко чейинки аралык, км

3

4

Деңиз деңгээлинен бийиктиги, м

2700

5

Аянты,  миң кв. км

11,4

6

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын саны, адам

30

 

 

  1. Жалпы маалымат

 

КатегорияБирдик Көрсөткүч 
Облус боюнча жалпы маалымат
Жалпы территориясыкм211,400
Айыл аймактардын саныбирдик37
Шаарбирдик1
Айылдардын саныбирдик93
Түтүндөрдүн саныбирдик50122
Демография
Туруктуу калктын саны

миң

адам

276886
Алардын ичинен шаардыкымиң адам41228
Айылдыкы миң адам235658
  2022-жыл ичинде табигый өзгөрүүлөр
жаңы төрөлгөндөрдүн саныадам4739
өлгөндөрдүн саныадам1591
табигый өсүшү (же азайуусу)адам3058
Калктын миграциясы
Ички (келгендер+кеткендер)адам3526
Тышкы (келгендер+кеткендер)адам2141
Балдар жана үй-бүлө
Жалпы үй-бүлөлөрдүн саныбирдик54318
Социалдык коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саныбирдик9955
аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарыадам24365
Жалгыз бойлордун саныбирдик369
жарым жетимдердин саныадам2650
тоголок жетимдердин саныадам147
мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саныадам1803
Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн саны (беш баладан жогору)бирдик579
Көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарынын саны (беш баладан жогору)адам3629
Кедейчиликтин деңгээли:
0-1000 сомго чейинҮй-бүлөлөрдүн саны7229
1000-1455,9 сомго чейин2978
1455,9 -2723,3 сомго чейин2237
2723,3 сомдон жогору 21224

Билим берүү

  Жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелери
жогорку билим берүү окуу жайларбирдик1
атайын орто билим берүүбирдик7
анын ичинен студенттердин саныадам4370
Мугалимдердин саны 1072
Орто мектептердин саныбирдик112
анын ичинен окуучулардын саныадам56553
мугалимдердин саны 3868
Бала бакчалардын саныбирдик78
анын ичинен балдардын саныадам9455
тарбиячылардын саныадам498
мектепке тартылбай калган балдардын саныадам7
ИДНде каттоодо турган балдардын саныадам22
Жумушсуздук
Жалпы жумушсуздарадам4665
эркектерадам2527
аялдарадам2108
мүмкүнчүлүгү чектелгендерадам59
Пенсионерлер
пенсионерлерадам33652
  алардын ичинен:
жаш-курагы келип чыккандарадам25069
майыптыгы боюнчаадам6521
Багуусунан ажырагандыгы боюнча адам2062
Жеңилдиктерге укугу бар жарандар
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлериадам1
Оруктун ардагерлериадам36
Ооган согушунун ардагерлериадам135
Советтик армиянын майыптары (ИСА)адам26
Чернобыль кырсыгына катышкандарадам43
Пенсия курагындагы баатыр энелерадам1244
Реабилитация болгон жарандар (Сталиндик режимден)адам1242
Саламаттыкты сактоо
Ооруканалар бирдик13
Үй-бүлөлүк медицина борборубирдик2
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобубирдик36
ФАПбирдик51
Медициналык пунктбирдик4
Травмалык пункт бирдик2
Тез жардам пункттарыбирдик8
Аптекалар бирдик72
  Персонал 
врачтарадам265
медайымдарадам1200
Облустун “Ардактуу атуул” наамын алган жарандар (2022)адам33

 

  1. Калктын саны

Жашы боюнча

саны

Эркектер

Аялдар

Улуту

саны

Жалпы саны: адам (туруктуу калк) 276886

0-14 жаш

93766

47721

46045

Кыргыз

254557

15-29 жаш

71642

36954

34688

Орус

3202

30-49

62588

32636

29952

Немец

281

50-64

32049

14867

17182

Казак

3184

65-89

13530

5648

7882

Татар

294

90 жаштан жогору

464

195

269

Түрк

1470

 

 

 

 

Өзбек

1776

 

 

 

 

Украинец

98

 

 

 

 

Уйгур

116

 

 

 

 

Кореец

41

 

 

 

 

Түркмөн

177

 

 

 

 

Башка улуттар

2917

 

2.1 Эмгек ресурстары (адамдын саны)           2.2 Жаны түзүлгөн жумушчу орундары

 2022-ж. 2022-ж.
Калктын саны 276886Ишкерлердин каражатынын эсебинен937
1.Эмгекке жарамдуу150915Чакан жана орто бизнес аркылуу772
  1. Эмгекке жарамсыз 
43475Айыл чарбасын өнүктүрүү аркылуу 116
 3. Пенсионерлер:        31933Чет элдик инвестиция аркылуу156
58 жаштан жогорулары аялдар 16783  
63 жаштан жогору эркектер8174  
Инвалидтик ж.б. менен чыккандар 6726  
 Жумушсуздардын саны4057  
 Катталганы (статус алганы)2388  
Катталбаганы (статус албаганы)1669  

 

 

3. Чарбалык маанидеги обьектилер жана чарбалык субьектилер

Обьектин аталышыСаны

2021-ж

иштейт

2022-ж

иштейт

2023-ж

иштейт

Чарба жүргүзүүчүсусубьектилерсаны
Тегирмендер5611211Үрөөнчүлүк чарбалар8
Устаканалар2421321Асыл тукум чарбалар12
Кырмандар1812114Коллективдик чарбалар52
Коомдук үрөөнчүлүк уюм71574Дыйкан чарбалар17887
Мех.чеберкана2217617Юридикалык жактар (ОсОО, АО)476
Гараждар95 7
АЗС2614624
Вет.борбор 5213
Вет.дарыкана2191619Жеке ишкерлер/чарбалар9488
Вет.сервис46401846  
Чакан кайра иштетүүчү ишканалар1312412  

 

 

4. Маданий жактан тейлөө мекемелери

Маданий жактан тейлөө мекемелери

Жалпы саны

Иштебейт

Иштейт

Ремонт талап кылынат

күнүмдүк

капиталдык

Маданият үйү

10

-

9

2

2

Клуб

34

3

31

8

3

Китепканалар

72

2

70

26

19

Музей

8

-

8

1

1

Музыкалык мектеп

4

-

4

2

1

Кинотеатр

3

 

3

-

-

Коомдук мончолор (жеке менчик)

63

11

52

11

2

 

 

 

5. Облустун  аймагындагы жолдор жана анын абалы

 

саны

иштебейт

иштейт

Ремонт талап кылынат

күнүмдүк

капиталдык

Көпүрөлөр

249

11

238

129

11

5.1 Көпүрөлөр

 

5.2 Жолдор

Жолдор

Узундугу , км

Абалы

Эскертүү

Ички жолдор, жалпы

783,2

 

 

анын ичинде асфальталган

411,2

орто

Ремонт талап кылынат

таш төшөлгөн 

435

орто

Ремонт талап кылынат

Топурактуу жолдор

281,9

жаман

Ремонт талап кылынат

Эл аралык жолдор 

114,3

 

 

анын ичинде асфальталганы

114,3

 

 

таш төшөлгөнү

-

 

 

Республикалык маанидеги жолдор

337,3

жакшы

 

анын ичинде асфальталганы

267,9

жакшы

 

таш төшөлгөнү

60,4

 

 

 

6. Cуу ресурстары

Суу түтүктөрү

Саны

1.Жалпы суу түтүктөрү :

узундугу, км колонкалар, даана

1052,9

1866

алардын ичинен иштеп жаткан суу түтүктөрү :

узундугу , км колонкалар, даана

774,2

1079

алардын ичинен иштебеген суу түтүктөрү

узундугу , км                                колонкалар, даана, себептер

139,1

683

 

6.1. Сугат суу менен камсыз кылуу

 

 

 

Жалпы

(км)

Анын ичинен (км)

Иштеп

жаткан

Толук кандуу

иштебейт

Ремонт талап кылат

Күнүмдүк

Капиталдык

 

1. Сугат системалар

            -бетондолгон арык

            -жер арыктар 

            -ички чарбалык арыктар

             -чарба аралык арыктар

1535,56

1535,56

 

817,3

330,6

510,68

417,68

 

134,5

98,4

1157,38

1118,38

 

664,8

228

1655,2

 

   262,1

1009,4

 

138,8

 

197,7

 

51

327,3

 

53,4

2. Коллектордук-дренаждык система

655,36

77

39,98

65,9

39,98

  а.и. : - ачык

           - жабык

484,372

105,222

   37,48     45

5199,44

207,489

76,55

9

40,8

8

 

7. Айыл аймактардагы дотациянын көлөмү

                       Айыл аймактардын аталышы

Дотациянын көлөмү (%)

 

Бакай-Ата району

 

1

Бакай-Ата

0

 

2

Акназаров

28,3

 

3

Шадыкан

54,7

 

4

Кең-Арал

50,1

 

5

Өзгөрүш

42,8

 

6

Ак-Дөбө

46,8

 

7

Миң-Булак

56,7

 

8

Боо-Терек

0

 

9

Оро

0

 

 

Жалпысы

27,8

 

Кара-Буура району

 

 

10

Кара-Буура

0,0

 

11

Бакыян

21,6

 

12

Бейшеке

12,0

 

13

Чолпонбай

11,6

 

14

Ак-Чий

4,0

 

15

Бакайыр

30,1

 

16

Аманбаев

16,1

 

17

Шекер

41,0

 

18

Маймак

41,9

 

19

Көк-Сай

21,6

 

 

Жалпысы

 

 

Манас району

 

 

20

Покровка

11,6

 

21

Үч-Коргон

12,0

 

22

Май

21,6

 

23

Кыргызстан

0,0

 

24

Кайынды

4,0

 

 

Жалпысы

 

 

Талас району

 

25

Осмонкулов

68,8

 

26

Айдаралиев

46,9

 

27

Бекмолдо

0,5

 

28

Арал

62,4

 

29

Кууганды

61,0

 

30

Өмүралиев

16,4

 

31

Кара-Суу

44,0

 

32

Жергетал

54,8

 

33

Калба

32,2

 

34

Долоно

35,7

 

35

Нуржанов

47,5

 

36

Бердике-Баатыр

32,2

 

37

Көк-Ой

1,0

 

 

Жалпысы

19,3

 

38

Талас  шаары

0,0

 

 

8. Айдоо жер аянттары (га)

Жердин аталышы

Аянты (га)

1

Жалпы аянт

134942

2

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери (ФПС)

21340

3

Сугат жерлер

94786

4

Кайракы жерлер

20644

5

Көп жылдык чөптөр

20145

6

Колдонулбаган жерлер

12271

7

Бардык   кылкандуу  дан өсүмдүктөрү, анын ичинен :

14581

 

Күздүк буудай

7253

 

Күздүк арпа

66

 

жаздык буудай

1627

 

жаздык арпа

2771

8

Дан жүгөрү

3885

9

Чанактуу дан өсүмдүктөр- баары

62830

 

Анын ичинен:   төө  буурчак

54503

 

Нут (нокорт)

-

10

Техникалык өсүмдүктөр   кант  кызылча

567

11

Май  өсүмдүктөрү

703

12

Картошка

10521

13

Жашылчалар

4577

14

Бакча өсүмдүктөрү

96

15

Мөмө жана жемиштер (мөмө берүүчү жемиш  бактар)

3262

 

9. Мал жана үй  канаттуулары

Аталышы

Саны

1

Ири мүйүздүү мал

64098

2

Анын ичинен саан уйлары

33962

3

Кой- эчкилер

565134

4

Жылкылар

28608

5

Чочколор

65

6

Үй канаттуулары

261767

 

10. Талас облусунун райондорунда турак-жай менен камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны (Талас шаарында так маалымат жок)

Турак-жай менен камсыз болуу

Саны

1

Өзүнүн тамы  бар үй-бүлөлөр

35880

2

Өзүнүн тамы жок үй-бүлөлөр

7282

 

Алардын ичинен:

3

Толук шарты бар тамдар

14664

4

Толук эмес шарты бар тамдар

10307

5

Шарты жок тамдар

6753

6

Убактылуу жашоочу чакан тамдар

2556

7

Батирде жашаган үй-бүлөлөр

1399

8

Ата-энеси менен жашагандар

5879

 

11. Жалпы автоунаалардын жана башка траспорттордун саны:

Бардыгы:

Саны

1

Транспорт каражаттары

27673

 

Жеңил авто унаа

22938

 

Жүк ташуучу  ж.б. автоунаа

3987

 

12. Айыл чарба техникаларынын саны:

Аталышы

Саны

Жалпы саны

Иштейт

1

Тракторлордун бардыгы

1978

1670

2

Чиркегичтер

1429

1334

3

Соколор

1310

1142

4

Сепкичтер

349

301

5

Малалар

511

455

6

Жөөк салгыч

523

442

 

   

10. Облустун аймагында иш алып барган финансылык мекемелер

  1.  
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Талас облусундагы башкармалыгы
  1.  
"ФИНКА Банк" ЖАК Таластагы филиалы
  1.  
«БАКАЙ БАНК» ААК Таластагы филиалы
  1.  
Российский Инвестиционный Банк-Талас ААК филиалы
  1.  
Российско-Кыргызский “Аманбанк” ААК Таластагы филиалы
  1.  
"Айыл Банк" ААК Таластагы филиалы
  1.  
"Бай Түшүм" Банк ЖАК Таластагы филиалы
  1.  
 "Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк" ААК Таластагы филиалы
  1.  
"Оптима Банк" ААК Таластагы филиалы
  1.  
Дос-Кредо Банк 
  1.  
“Демир Кыргыз Интернешнл Банк” ЖАКу
  1.  
“Коммерческий банк Кыргызстан” ААК Таластагы филиалы
  1.  
"Рассчетно-сберегательная компания Банк” ААК Таластагы филиалы
  1.  
"БАНК Компаньон" ЖАКу
  1.  
ААК “Капитал банк” Таластагы филиалы
  1.  
Чакан кредиттик компаниялардын саны                                              24

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 

Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү                                                 Н. Дарданов