13 ноябрь 2024
Кароолор: 10
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООГО КАРАТА САПТЫК КАРОО ӨТТҮ

2024-жылдын 13-ноябрында Талас ОИИБдин имаратынын алдында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата саптык кароо өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас облусунун прокурору Мирбек Расулов, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев катышты.
Саптык кароодо Эрмат Джумаев милиция, прокуратура, ӨКМ, өрт өчүрүү, энергетика, медицина, байланыш кызматы, ИИОнун ардагерлери, элдик кошуундун шайлоого карата даярдыгын текшерди. Ошондой эле шайлоого тартылган укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын автоунааларына жана техникаларына кароо жүргүздү.
Эрмат Джумаев шайлоого чейин жана добуш берүү учурунда мыйзам бузууларды болтурбоо жумуштарын күчөтүү тапшырмасын койду. Коомдук тартипти камсыз кылып, тиешелүү кызматтар өз милдеттерин так аткаруусу керектигин белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди шайлоонун үгүт иштерине аралашпоону эскертти.
Саптык кароонун соңунда кызматкерлер жана шайлоого тартылган техникалар саптык жүрүштөн өтүштү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 17-ноябрь күнү Талас облусундагы шайлоо тилкелеринде милиция, ӨКМ, прокуратура, энергетика, байланыш, медицина кызматкерлери кызмат өтөшөт.