28 март 2025
Кароолор: 3
Жер титирөөдө кандай кадамдарга баруу керек?

• Кырсык башталганда адам дайыма өзү менен алып жүргөн буюмдарын: телефон жана өздүгүн тастыктоочу документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетиши керек;
• Эгерде жер титирөө учурунда адам биринчи кабатта болсо, анда 10-15 секунддан соң биринчи титирөөдөн кийин көчөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар;
• Жер титирөө учурунда адам экинчи кабатта болсо, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу (бурч, столдун асты ж.б.) керек;
• Эч качан терезеден секирбеңиз!
• Эгер жер титирөө учурунда сыртта болсоңуз туруксуз курулуштардан, кыйроочу чакан имараттардан алыс болуңуз;
• Ачык жерге качып, көрнөк-жарнактардан, күркөлөрдөн, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз.
• Имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ.