28 март 2025
Кароолор: 3
Жер титирөө Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 баллга чейин жетти

Бүгүн, 28-мартта саат 04:42 де Казакстандын аймагында (Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө) күчү 5,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 баллга чейин жетти. Ага байланыштуу таң эрте айгай жарыяланып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда жыйын өттү.
Учурда ыкчам топ түзүлүп, жеринде кыдыруу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан эски 14 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткени аныкталды. Тактоо иштери уланууда.