18 декабрь 2024
Кароолор: 10
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛГАН ЖЫЙЫН ӨТТҮ

Бүгүн, 18-декабрда Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2025-жылга карата иш пландар боюнча жыйын өткөрүлдү.
Ага КРдин Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, өкүлдүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов, ӨКМдин Талас шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук мамлекеттик администрация башчылары катышты.
Анда жарандык коргонуу жаатында жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу видео-баяндама көрсөтүлүп, ишмердүүлүктөгү айрым көйгөйлүү маселелер талкууланды. Жасалган баяндамага ылайык, 2024-жылдын ичинде Талас облусунун аймагында 4 табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган. Облустук башкармалыктын өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрү тарабынан 2024-жылдын ичинде авариялык-куткаруу унаалары менен 21 жолу чыгуулар болуп, анын ичинен 3 жол-транспорт кырсыктарына, 18 ар түрдүү штаттан тышкаркы кырдаалдарга. Куткаруучулар тарабынан 2 адам куткарылган, 2 адамга ар кандай жардам көрсөтүлгөн. Мындан сырткары облус аймагында 147 өрт кырсыгы катталып өрткө каршы кызмат тарабынан жардам көрсөтүлгөн.
Жыйындын жүрүшүндө башкармалыктын өкүлдөрү жыйындын катышуучуларына маалымат берүү менен суроолоруна жооп беришти.
Иш-чаранын жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгы облустагы Жарандык коргонуунун кызматтары жана мекемелери менен биргеликте 2024-жылга коюлган тапшырмаларды толугу менен ишке ашырышканы айтылып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча даярдыгы канааттандырарлык деп бааланды.