15 август 2024
Кароолор: 8
ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛДҮН КАТЫШУУСУНДА АЙЫЛДАРДЫ КЫДЫРУУ УЛАНУУДА

Элет жериндеги көйгөйлүү маселелер менен таанышуу иш-чарасы Көк-Сай айылында уланып, облус башчысы андагы Абакир уулу Шамуратбек атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин муктаждыктарын жеринен көрүп чыкты. Буга кошумча ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев айылдык оорукана, билим берүү мекемелери, китепкана жана Көк-Сай чек ара заставасындагы көйгөйлөрдөн кабар алды. Жыйынтыгында облус башчысы тийиштүү кызматтын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.