05 февраль 2025
Кароолор: 4
ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ ОБЛУСТАГЫ БИР КАТАР ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2025-жылдын 5-февраль күнү КРдин Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев облустагы бир катар ишкерлер менен жолугушуу жыйынын өткөрдү.
Жолугушуу ишкердүүлүктү алдыга жүргүзүү, жаңы долбоорлорду колдоо жана ишкерлердин иш жүргүзүүсүндөгү көйгөйлөрүнөн кабар алуу максатында уюштурулду. Анда ишкердиктеги жаралган көйгөйлөр жана анын чечүү жолдору талкууланды. Буга кошумча ар тармак боюнча ишкерлер өз бизнес долбоорлору менен тааныштырып, андагы артыкчылыктар, күтүлгөн натыйжалар боюнча баяндама жасашты.
Жолугушуунун алкагында ишкерлердин кызыктырган ар кандай суроолоруна облус башчысы тарабынан жооптор берилип, облусту өнүктүрүүгө багытталган кенен баарлашуу орун алды. Ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев өз сөзүндө облусту өнүктүрүүдө ишкерлердин өзгөчө ордун белгилеп, анын аркасында жаңы жумуш орундары камсыздалып, мамлекеттин социалдык-экономикалык милдеттери чечилип жатканын айтты.
Жыйын соңунда облус башчы жеке ишкерлердин облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң экендигин белгиледи.