06 сентябрь 2024

Кароолор: 10

ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ КѲЙГѲЙЛѲРДѲН КАБАР АЛДЫ

Облус башчысы Эрмат Джумаев Бакай-Ата районундагы элеттиктер менен жолугушуп, андагы көйгөйлөрдөн кабар алды. Алгач Күмүштак айыл аймагына караштуу 1-май айылындагы Т. Чолушев атындагы орто мектепке барып, жаңы окуу корпусунун курулушу менен таанышты. 275 орундуу жаңы окуу корпустун курулушун тыкыр көзөмөлгө алуу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгына бир катар тапшырмалар берилди. Бүгүнкү күндө аталган мектепте кошумча усулкана жана окуу класстары жетишсиз болгондуктан кошумча окуу корпусун куруу муктаждыгы жаралган. Иш-сапардын алкагында облус башчысы айылдагы 75 орундуу А. Сапаралиев атындагы балдар бакчасына барды. Аталган бала бакчада санитардык нормаларга ылайык, кошумча ажааткана салуу маселеси көтөрүлдү. Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл элеттиктерге медициналык кызмат көрсөткөн айылдагы фельдшердик-акушердик пункттун жана 2018-жылы курулган Жон-Коргон айылындагы ФАПтын көйгөйлөрү менен таанышып чыкты.

Андан соң Кыргызстан айылындагы 696 окуучу билим алган Ж.Тойчубеков атындагы орто мектебинин имараты жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жаткан спорттук залдын курулушу менен таанышты. Ошондой эле 5170 калкка медициналык кызмат көрсөткөн 2018-жылы курулган №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун көйгөйлөрүнөн кабар алды.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев Боо-Терек айылында болуп, андагы негизги көйгөй делген 1080 орундуу Б. Сатыбеков атындагы орто мектептин чатырын алмаштыруу боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берди. Буга кошумча ушул эле айылдагы 340 окуучу окуган Д. Дүйшебаев атындагы орто мектептин эмеректерин жаңыга алмаштыруу боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле азыркы күндө 250 окуучу билим алып жаткан Кутманбек Осмонбеков атындагы №41 кесиптик лицейдин учурдагы абалы текшерүүгө алынды. Анда окуу жайдын жетекчилиги кесиптик лицейдин 1-2-4-кабаттардагы окуу класстарын жана лицейдин жылытуу системасын толук капиталдык оңдоодон өткөрүү жана жатаканага керектелүүчү эмеректер менен камсыздап берүү сунушу менен кайрылды.

Соцобъектилерди кыдыруунун алкагында облус башчы ушул эле айылдагы 70 бала тарбияланып жаткан Н. Молдалиева атындагы балдар бакчасына барды. Мында суу маселеси көтөрүлүп, бул боюнча иш алып баруу айыл өкмөт башчыга милдеттендирилди. Андан соң эң орчундуу маселе катары облус жетекчиге курулушу толук аягына чыкпай токтоп калган №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты көрсөтүлдү. Бул боюнча иш алып барууну облус башчысы өз көзөмөлүнө аларын билдирди. Ошондой эле И. Отунбаев атындагы күрөш залына спорттук инвентарлардын жетишсиздиги айтылды.

Жыйынтыгында Күмүштак айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелердин негизинде тийиштүү чечимдер кабыл алынып, тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилди.