09 сентябрь 2024
Кароолор: 10
Ыйгарым укуктуу өкүл Каракол айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылынан кабар алды

Ыйгарым укуктуу өкүл Каракол айыл аймагындагы Көпүрө-Базар айылынан кабар алды
Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев Талас районундагы элеттиктер менен жолугушуу өткөрүп, бир катар маанилүү объектилер менен таанышты. Анын ичинде ГСВ №10, төрөткана, бала бакча, почта, маданий үй, китепкана, Р.Айдаралиев атындагы орто мектеп жана мектептеги музейлер, ошондой эле Арал менен Көпүрө-Базар айылдарын байланыштырып турган авто жол жана балык чарбасы бар.
Жолугушуу алкагында облус башчысы футбол ойноочу аянтчанын абалынан кабар алып, андан соң Көпүрө-Базар айылындагы балык чарбага барды. Негизинен чарбалык кылуу үчүн 11 гектар жер бөлүнгөн. 2021-жылы балык чарбасы ишке кирип азыркы учурга чейин иштеп келет. Учурда чарбада 30-40 миңге жакын жилиңгир форель багылып, балыктар туристтер үчүн жана сатуу максатында колдонулат. 2023-жылы балыктарды Токмок жана Жалал-Абад шаарларынан алып кетүүдө, ошондой эле Таластагы кафелерге да тапшырышат.