09 сентябрь 2024
Кароолор: 10
ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ ЭРМАТ ДЖУМАЕВ ШУМКАР-УЯДАН КАБАР АЛДЫ

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагындагы Талды-Булак, Ак-Коргон, Кара-Ой, Кеңеш, Сасык-Булак жана Чоң-Токой айылдарында болуп, жергиликтүү бийликтин жасап жаткан иштери менен таанышып чыкты.
Облус башчысы Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагынын тургундарына түзүлүп жаткан шарттарды жеринен көрдү. Атап айтканда айыл аймактагы электр чубалгыларын тартуу, таштанды полигонун куруу, аймакты 100% интернет, таза суу менен камсыздоо, ички жолдорду асфальттоо, бала бакча, мектеп өңдүү социалдык объектилерди оңдоп-түзөө, айыл өкмөтүнүн жаңы имаратын куруу, түнкү жарыктарды орнотуу ж.б. жүрүп жаткан алгылыктуу иштер менен таанышып чыкты.