13 август 2024
Кароолор: 24
ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ ЭРМАТ ДЖУМАЕВ ЭЛЕТ ЖЕРИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨРДӨН КАБАР АЛУУДА

13-август күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев элет жериндеги көйгөйлөрдөн кабар алуу максатында алыскы Шекер, Арчагул, Кайнар, Көк-Сай айылдарында болду.
Алгач Айтматов районуна караштуу Шекер айылынын “Чыңгыз Ордо” комплексиндеги көйгөйлүү маселелерден кабар алды. Андан соң Шекер айылдык №2 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жаңы имарат куруу иштери менен таанышып, жаңыдан курулуп жаткан жабык типтеги спорт комплексинин курулушун жеринде көрдү. Буга кошумча “Күркүрөө” маданият үйүнүн, музейдин жана айылдык китепканалардын учурдагы абалы менен таанышып чыкты.