16 август 2024

Кароолор: 9

ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛ ЭЛЕТ ЖЕРИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨРДӨН КАБАР АЛУУДА

Облус башчысы Эрмат Джумаев айыл аймактардагы кѳйгѳйлѳр боюнча иш алып барууда. Атап айтканда ыйгарым укуктуу ѳкүл Аманбаев айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылынын кѳйгѳйлѳрү менен таанышты. Анда жаңы мектептин чечилбей жаткан орчундуу кѳйгѳйү болгон таза суу маселесин жеринде кѳрдү. Бул боюнча облус башчысы айылдагы башкы таза суу топтолуучу жайга оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн долбоор жазуу керектигин айтып, бул боюнча жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрүнѳ бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Ак-Жар айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин кѳрүп чыкты. Мында балдар бакчасындагы негизги кѳйгѳй болуп келген кошумча тайпа түзүү боюнча маселе кѳтѳрүлдү. Буга кошумча облус жетекчисине айылдык фельдшердик акушердик пунк (ФАП) менен Ак-Жар айылындагы күрѳш залынын учурдагы абалы, андагы кѳйгѳйлѳр тааныштырылды. Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу ѳкүл Эрмат Джумаев айылдагы ФАПтын тегерегин тосуп, короосун заманбап талаптарга келтирүү боюнча ѳзүнүн демилгелүү сунуштарын айтты. Ал эми күрѳш залын оңдоп-түзѳѳдѳн ѳткѳрүү боюнча тийиштүү жетекчиликке тапшырмаларды берди.