21 март 2025

Кароолор: 6

Урматтуу Талас облусунун тургундары! Кадырман кыргыз журту!

Урматтуу Талас облусунун тургундары! Кадырман кыргыз журту!

Сиздерди жаздын жарчысы, улустун улуу күнү – Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Күн менен түн теңелген Нооруз майрамы – ар убак улуттук баалуулуктарыбыз болгон каада-салттарыбызды, маданий мурастарыбызды даңазалап келет. Кадырман элибиз эзелтен Ноорузду жаңы күндүн, жаңы жашоонун башталышы катары кабылдап, жаңы үмүт-тилектер менен жаркын келечекке умтулушкан.

Калкыбыздын аруу тилектерин бириктирип турган улустун улуу күнүндө элибизге ынтымак, ырашкерлик уялап, изги ой-тилектердин баары орундалсын! Жаздын келиши ар бириңиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, зор ийгиликтерди алып келсин. Ар бир күн кубанычка толуп, кут даарыган өлкөбүздүн асманы ачык, түндүгү бийик болсун!

Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Сиздерди урматтап,

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич