19 март 2025
Кароолор: 4
Урматтуу Талас облусунун тургундары!

Абанын температурасы жогорулагандыгына байланыштуу облус аймагында жалбырактарды ж.б. куурап калган өсүмдүк таштандыларды өрттөө фактылары катталууда.
Таштандыларды өрттөөнүн терс кесепеттери:
– ири өт коркунучу пайда болот.
– топурактын катмары бузулат, топурак түзүүчү микроорганизмдер күйүп кетет;
– от чөп өсүмдүктөрүнүн уруктарын жана тамырларын жок кылат, бак-дарактардын жана бадалдардын түбүн жана алардын тамырларынын үстүн бузат ж.б.
- жалбырактан ж.б. калдыктардан чыккан түтүн жаратылышка гана эмес, адам саламаттыгына да зыян алып келет.
Андыктан өзүбүзгө жана жакындарыбызга кам көрө билели!
Таштандыларды жана жалбырактарды өрттөө фактылары катталган учурда келтирилген зыяндын негизинде айып пул салынарын эскертебиз!