09 май 2025
Кароолор: 2
Урматтуу облус тургундары! Ардактуу ардагерлер!

Сиздерди Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм!
9-Май — постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстандын тарыхында өзгөчө мааниге ээ, тарыхый күн экени талашсыз. Бул күн — келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында аталарыбыз жанын аябай курман болуп, оорукта энелерибиз тынымсыз эмгектенип, кайратмандык менен салгылашып, көптөн күткөн улуу жеңишке жеткен улуу күн. Тагыраагы ыйык мекен үчүн жанын аябай күрөшкөн эр-азаматтардын эрдигин эскерүү күнү.
Кан жыттанган катаал согуш жылдарында өз өмүрүн аябастан курман болгон баатырларыбыздын эрдиги, тылда эмгек кылган апаларыбыздын кайратман эмгеги — түбөлүк даңазаланып, урмат-сыйга татыктуу. Андыктан улуу муундун өлбөс-өчпөс эрдигин эч качан эстен чыгарбай, келечек урпактарга өзгөчө сыймыктануу менен айта жүрүү жалпыбыздын улуу милдетибиз! Биз алардын каармандыгын жана мекенге болгон сүйүүсүн терең ыраазычылык менен эскеребиз жана түбөлүк таазим этебиз.
Ар дайым асманыбыз ачык болуп, кут даарыган жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, ар бир үйдө бакубат жашоо орноп, Мекенибизде тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү болсун!
Майрамыңыздар куттуу болсун!
Урматтоо менен,
КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич