23 февраль 2025
Кароолор: 6
Урматтуу мекенди коргоочулар, аскер ардагерлери!

Сиздерди 23-февраль Ата - Мекенди
коргоочулар күнү менен куттуктайм. Бүгүн эл жерибиздин коопсуздугун камсыздаган Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлеринин деги эле жалпы мекен сакчыларынын майрамы.
Бүгүнкү күндө эгемендүү, көз карандысыз мамлекетибизде тынчтык, туруктуулук жана биримдиктин өкүм сүрүүсү эң маанилүү экендигин ар бир кыргыз атуулу жон териси менен сезсе керек. Мындай туруктуу турмушту өз учурунда баалап, бакубат жашоону келечек урпактарга камсыздап берүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз.
Күнүбүздө өлкөбүздүн аскердик-техникалык
мүмкүнчүлүгү барган сайын артып, Куралдуу
күчтөрүндө алгылыктуу реформалар жасалып
жатканы чындап сүйүндүрөт. Мына ушул мезгилде да өлкөнүн коргоонуу тармагын чыңдоого, эгемендүү өлкөбүздү көздүн карегиндей сактоого тийишпиз. Себеби көргөн жандын көз жоосун алган куттуу Мекенибизди ата-баларыбыздан мураска эмес урпактардан карызга алганыбызды биле жүрүү ар бир мекендешибиздин мойнундагы улуу милдет деп эсептейм.
Бүгүнкү Ата-Мекенди коргоочулардын күнүндө ар бир мекендешибиздин үй – бүлөсүнө береке, ынтымак, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм.
Эл жерибизди коргоп, нар көтөргүс күжүрмөн эмгек көрсөткөн ардактуу ардегерлерибизге терең ыраазычылык билдирүү менен чың ден соолук, узун өмүр тилейм. Ал эми жалпы эр жүрөк, тайманбас мекен коргоочуларына кажыбас кайрат, мокобос эрк каалайм.
Ар дайым асманыбыз ачык, элибиз эсен, чебибиз бекем болсун!
Сиздерди терең урматтап КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич.