10 апрель 2024

Кароолор: 2

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Адамдарды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, бири-бирибизге кайрымдуу болууга үндөгөн орозо айы аяктаган учур.

Орозо айт – кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам.

Отуз күндүк Орозодо тилеген тилектериңиздер кабыл болуп, ойлогон ой максаттарыңыздар орундалсын!

Ар бир үйгө ынтымак, ырыскы ыроолоп, кут, береке орносун. Журтубузда биримдик, жергебизде тынчтык болсун!

Айтыңыздар маарек болсун!

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.К.Дарданов