05 май 2025
Кароолор: 3
Урматтуу мекендештер! Сиздерди 5-май — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Жалпыга маалым болгондой, 1993-жылдын дал ушул күнү — 5-майда көз карандысыз Кыргызстан өзүнүн алгачкы Баш мыйзамын кабыл алып, мамлекеттүүлүк жолунда тарыхый жана маанилүү кадам таштаган. Бул күн — биздин эркиндикке жана укуктук мамлекетке карай умтулуубуздун символу катары тарых барактарына жазылды.
Конституция — бул жөн гана мыйзамдардын жыйындысы эмес бул — ар бир жарандын укугун, эркиндигин жана теңдигин коргогон, мамлекеттин түпкү максатын, багытын аныктаган ыйык баалуулук. Ал коомубузда адилеттүүлүктүн, мыйзамдуулуктун жана жарандык биримдиктин тиреги катары кызмат өтөп келет.
Конституцияда бекитилген жалпы баалуулуктар — улуттук биримдик, адам укуктары, адилет сот, жарандардын тең укуктуулугу — биздин өлкөбүздүн өнүгүүсүнө жана гүлдөп өсүүсүнө негиз болууга тийиш. Биздин милдет — бул баалуулуктарды сактап, кийинки муунга таза, укук үстөмдүк кылган коомду калтыруу.
Урматтуу мекендештер!
Жалпыңыздарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү менен дагы бир ирет куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык, ишиңиздерге ийгилик каалайм. Ар дайым асманыбыз ачык болсун, мамлекетибизде береке, ынтымак жана туруктуу өнүгүү өкүм сүрсүн!
Сиздерди урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич