23 февраль 2024

Кароолор: 8

Урматтуу мекен сакчылары!

Барыңыздарды 23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул майрам – жүрѳгүндѳ мекенге болгон сүйүүсү бар ар бир атуулдун, Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлеринин, укук коргоо органдарында кызмат кылып, мекенибиздин жана коомубуздун коопсуздугун коргогон мекенчил баатырлардын майрамы. Бул күн, ата-бабаларыбыздын мекенибизди көздүн карегиндей коргоп келишкендигин эске салып, мекенчилдик сезимибизди ойготот.

Туулган жерди, Ата конушту коргоо жана анын ѳнүгүшүнѳ салым кошуу - ар бир кыргызстандыктын ары сыймыктуу, ары жоопкерчиликтүү атуулдук милдети. Ошол ыйык милдетти аркалоо менен ѳлкѳбүздүн бүтүндүгүн сактап, элибиздин бейпил турмушта жашашына салым кошуу менен укук коргоо органдарында кызмат кылып келаткан жарандарыбыздын эмгеги ѳзгѳчѳ мактоого арзыйт. Ар-намыстын жана эрдиктин үлгүсү болуп, Ата Мекенге ак ниет кызмат кылгандарды ѳлкѳ тынчтыгынын кепилдиги деп айтсак туура болот. “Эр-жигит эл четинде – жоо бетинде” -деп айтылгандай, сиздердей мекенчил жарандарыбыз турганда ѳлкѳбүз ѳнүгүү жолунан тайбай, журтубуз мамлекеттин камкордугунда бакубат күн кечирет деп ишенемин.

Урматтуу Мекен коргоочулары!

Сиздерге үй-бүлѳлүк бакыт, узак ѳмүр, чың ден соолук каалаймын! Берген антыңыздарды бекем сактап, Ата Мекенге ак кызматыңыздарды арнап жүрѳ бериңиздер. Мекенибизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.К.Дарданов.