19 май 2025
Кароолор: 3
Урматтуу асылзат энелер! Ардактуу асылкеч айымдар!

Сиздерди Энелер күнү менен куттуктайм!
Эне – бул жашоонун башаты, үй-бүлөнүн тиреги, таалим-тарбиянын булагы. Үй-бүлөдөгү жарыкты, жылуулукту, кутту тиректи сактаган асылзат энелерибиз, сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар дайым төрүбүздүн көркү болуп урмат-сыйдын үстүндө өмүр сүрүңүздөр.
Энелер күнүңүздөр кут болсун!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Эрмат Джумаев