13 май 2025
Кароолор: 2
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик”: Таласта жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 13-майында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369-сандуу “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны Таласта болуп өттү.
Жыйынга КР Эл мугалими Бектур Исаков, КР Улуттук жазуучулар союзунун Талас облусундагы координатору Арзыкан Момунтаева, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Малабек Бутешов, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Талас облусундагы өкүлү Асыл Озекеева жана башка коомдук ишмерлер катышты.
Жыйындын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова сөз сүйлөп, “улуттук дем менен дүйнөлүк бийиктикке умтулуу” аракетинде облус аймагында жүргүзүлүп жаткан руханий иш-аракеттерге токтолду.
КР Эл мугалими Бектур Исаков Жарлыкты элге кеңири жайылтуу иштери айыл өкмөттөрдөн башталышы керектигин белгилеп, үлгүлүү үй-бүлөлөрдү көбөйтүү максатында таймаштар өткөрүлүп, “Сармерден” сыяктуу элдик оюндарды жандандыруу зарылдыгын айтты. Ошондой эле эл ичинде уламышка айланган инсандар — эр Солтоной, Үмөт молдо, Турду аке, Жанкороз олуя, Жантакбай комузчу тууралуу документалдуу тасмалар тартылып, алардын китептери жарыяланса деген сунушун ортого салды.
Жыйындын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациялардын башчы-акимдеринин орун басарлары, облустук билим берүү усулдук борборунун жетекчиси жана коомдук ишмерлер да өз ойлорун айтып, жумушчу топтун мындан аркы иш багыттары такталып чыкты.