15 апрель 2025

Кароолор: 2

Улуттук "Манас Ордо" комплекси реконструкцияланат

2025-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук "Манас Ордо" комплексине барып, анын учурдагы абалы жана инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча концепция менен таанышты.

Жолугушууда комплекстин инфраструктурасын жакшыртуу, музейдик экспозицияларды заманбап талаптарга ылайыкташтыруу жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, комплекстин аймагындагы техникалык жана инфраструктуралык көйгөйлөр, анын ичинде электр энергиясы менен камсыздоо, жолдордун абалы жана санитардык шарттар каралып, аларды чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Министр Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, Улуттук "Манас Ордо" комплекси кыргыз элинин маданий жана тарыхый мурасын чагылдырган уникалдуу объект болуп саналат. Аны заманбап талаптарга ылайык реконструкциялоо менен комплекстин тарыхый маанисин сактап калуу жана туризмди өнүктүрүү максатталып жатат.

Реконструкция иштери бүткөндөн кийин "Манас Ордо" комплекси эл аралык деңгээлдеги маданий жана туристтик борборго айланып, ички жана тышкы туристтерди көбүрөөк тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.