09 январь 2025

Кароолор: 5

ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ КӨБӨЙТҮҮ АРАКЕТИ

Бүгүн, 9-январда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйын залында “Мектепке чейинки билим берүүнүн заманбап технологиялары” программасы боюнча 72 сааттык атайын окуудан өткөн жеке ишкерлерге сертификаттар тапшырылды.

Анда ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова үй тибиндеги бала бакчаларды ачкан ишкерлерге жеңилдетилген насыялар берилип, ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөөрүн билдирди. Насыя алуу үчүн ишкер киреше-чыгашасын так эсептеп, кынтыксыз бизнес-долбоор даярдоосу керек.

Үй тибинде бала бакча ачууну максат кылган жеке ишкерлерге маалымат берүү үчүн жыйынга Талас райондук ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси, Талас шаардык мамлекеттик салык кызматынын адиси, өзгөчө кырдаалдардын министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Талас облусунун архитектуралык курулуш көзөмөл боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкери катышып, жеке ишкерлердин суроолоруна жооп беришти.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасы 2023-жылдын 17-мартында старт алган. Бул программа негизинен 3 компонент боюнча иш алып барууда. Билим берүү жана илим министрлиги 1 компонент боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иштерин кеңейтүүгө аракеттенүүдө.

Буга чейин жеке ишкерлердин иш алып баруусуна усулдук жардам катары Талас облустук билим берүү усулдук борбору тарабынан 72 сааттык курс өтүлгөн. Окутуу курсуна 26 ишкер катталып, жыйынтыгында 20 ишкер сертификат алды.

Айта кетмекчи 2024-жыл ичинде Талас облусу боюнча 4 бала бакча ачылып, пайдаланууга берилген. 2 бала бакчага кошумча корпус салынган. Кыска мөөнөттүү 19 бала бакча, үй тибинде 9 бала бакча ачылган.

2025-жылдын январь айына карата Талас шаарында 4, Талас районунда 2, Бакай -Ата районунда 1, Айтматов районунда , жалпы облус боюнча үй тибиндеги 8 бала бакча ачылуусу күтүлүүдө.