04 март 2025

Кароолор: 1

Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө №54 жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №269 Жарлыктын алкагында жыйын өттү.

Бүгүн, 4-мартта КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйын залында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө №54 жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №269 Жарлыктын алкагында жыйын өттү.

Ага райондук мамлекеттик администрациялардын жана Талас шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматкерлери, айыл башчылары, айылдык имам-хатибдер, диний ишмерлер, аксакалдар соттору, аксакалдар, аялдар кеңешинин төрагалары, участкалык милиция кызматкерлери катышышты.

Анда Талас облусунун казысы Сулумбек Узеналиев маркумдун сөөгүн жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү жөнүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын №05 Фатвасы менен кеңири тааныштырып, ысырапкорчулукту азайтуу учур талабы экенин билдирди.

Буга кошумча Талас ОИИБ башчысынын орун басары Зоорбек Ибраимов тыюу салынган экстремисттик уюмдар, алардын ишмердүүлүгүн токтоттуу аракеттери тууралуу маалымат берди.

Жаңы өзгөрүүлөр киргизилип, 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирген “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов түшүндүрмө берди.

Жыйын соңунда облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова №54 Жарлыкты ишке ашырууда диний ишмерлердин көмөгү менен ашыкбаш каадалардын жоюлганын белгилеп, элеттеги эл менен тыгыз байланышта иштеген имам хатибдерге ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” №269 Жарлыкты ишке ашырууда эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө кайрадан диний ишмерлердин ролу чоң экенин айтты.