16 декабрь 2024

Кароолор: 13

ТУУРА МААЛЫМАТ-ТУУРА БАГЫТ

Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен “Туура маалымат – туура багыт” аттуу маданий-маалыматтык иш-чара уюштурулду.

Иш-чара “Кырк-Чоро” кинотеатрынын чоң залында өтүп, 350 бүтүрүүчү класстардын окуучулары катышты.

Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова иш-чараны ачып, үй-бүлөдөгү жана балдарга болгон зордук-зомбулуктун, эрте кош бойлуулуктун, эрте никеге туруунун, адам сатуунун алдын алуу боюнча 16 күндүктүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга камкордук көрүүнүн жана “АИВ билим – сенин коопсуздугуң сенин ден соолугуң” аталашында бир айлыктын жыйынтыкталып жатканына токтолуп, акцияларга активдүү катышкан жарандарга ыраазычылык билдирди.

Айтматов районунун Айтматов орто мектебинин таланттуу окуучулары даярдаган сахналаштырылган көйгөйлөр көрөрмандардын назарына сунушталып, М.Козубекова мектебинин окуучуларынын жаңычыл көз караштагы чакырыктарына жалпы катышуучулар өз ой пикирлерин билдиришти.

Кыздар федерациясынын Таластагы координатору Аида Садыкова, КР Акыйкатчы (Омбудсменинин) Талас облусу боюнча ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Жакшыгүл Узакбаева, Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун адистери маанилүү маалыматтарды беришти. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коомдогу орду жана аларды интеграциялоо боюнча адис психолог Диляра Сманкулованын баяндамасында майыптыгы бар адамдардын олуттуу көйгөлөрү камтылды.