19 ноябрь 2024
Кароолор: 12
ТУРАК ЖАЙДЫ КАМСЫЗДАНДЫРУУ - КЕЛЕЧЕККЕ КАМ КӨРҮҮ

Бүгүн, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппартынын жыйын залында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Э. Калдарбеков тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Талант Эдилов жана район акимдери менен жолугушту.
Жолугушууда Талас облусунда камсыздандыруунун жүрүшү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, регионалдык көйгөйлүү маселелер талкууланды. Буга кошумча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан турак-жайды камсыздандырууда аймактардын климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алуу сунушу айтылды.
Белгилей кетсек, камсыздандыруу – бул ар кандай күтүлбөгөн жагдайлардан жана тобокелдиктерден коргоого мүмкүндүк берүүчү финансылык инструмент. Ага ылайык камсыздандыруу полисин алган киши жыл сайын келишимде көрсөтүлгөн каражатты камсыздандыруу компаниясына төгүп турат. Камсыздандыруу келишимине ылайык, керектүү учурда, жабырлануучуга же камсыздандыруу полиси бар тараптарга компания чыгымдарын төлөп берет.
Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу полисинин эң төмөнкү төлөмү аймактарда 600 сом болсо, шаар жеринде 1200 сом.
Компания тарабынан төлөнүп берилүүчү каражат аймактарда 500 миң, шаарларда 1 млн сом.