28 ноябрь 2024
Кароолор: 6
ТООЛУУ АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Бүгүн, 28-ноябрда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйын залында тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү.
Иш-чара “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер планынын” алкагында мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.
Анда аймактардагы калктын жашоо шартын жакшыртуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору, тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар жана стратегиялык пландар талкууланды.
Белгилей кетсек, тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер планы 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген.