24 январь 2025

Кароолор: 5

ТОГУЗ КОРГООЛ ОЮНУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ЧЕМПИОНАТ ӨТКӨРҮЛДҮ

24-январда  Талас облустук тогуз коргоол Федерациясы КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын колдоосу менен  2024-жылдын соңку облустук мелдешинде жеңип чыккан жеңүүчүлөрүнүн арасында облустук чемпионаттыкты өткөрдү.

Улуттук интеллектуалдык оюн аталган тогуз коргоол чемпионатында бул жолу облус аймагынан келген 52 күчтүү тогуз коргоолчулар  күч сынашты.   Спорттук мелдештин ачылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас облустук тогуз коргоол Федерациясынын Президенти Керим Өмүралиев жана федерация өкүлдөрү катышты. Анда    “Жылдын мыкты калысы", "Жылдын мыкты оюнчусу”, “Жылдын мыкты машыктыруучусу”, “Жылдын мыкты демөөрчүсү" жана "Мыкты уюштуруучу” номинациясында сыйлыктар тапшырылып, ийгилик жараткан спортчуларга “Спорттун чеберине талапкер" наамдары ыйгарылды. Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Белгилей кетсек, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен 2024-жылы “Тогуз коргоол Айкөл Манас оюну” программасы бекитилген. Өткөн жылдын август айында Нылды өзөнүндөгү тарыхый-табигый эстеликтердин бири “Манас Атанын тогуз коргоол ташы” аталган жерде облустук чемпионаттык өткөрүлүп, 200 тогуз коргоолчу катышкан.

2025-жылы “Тогуз коргоол Айкөл Манас оюну” программасына ылайык, “Ар бир үйдө тогуз коргоол ойнолот” аттуу иш-чарасы жайылтылып, тогуз коргоол оюнун эл арасына  кеңири насыйкаттоо багытында бир катар чечкиндүү аракеттер көрүлмөкчү.