07 ноябрь 2024
Кароолор: 9
ТАРЫХ ЖАНА АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

6-ноябрь күнү, К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында Кара - Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүшү” аттуу облустук илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Өз кезинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич кыргыз эли нечендеген таштак жол, тайгак кечүүлѳрдү басып ѳткөнүн, мындай түйшүктүү жолдо дымактуу журтубуз улуулугун жоготпой, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, өз тилин, нарк-насилин, кѳѳнѳрбѳс маданиятын сактап калганына токтолду. Куттуктоо сөзүндө кыргыз туусу бийиктикте желбиреп, өкөбүздө туруктуу өнүгүп-өсүү болсун деген тилегин билдирип, конференциянын ишине ийгилик каалады.
Куттуктоолордон соң пленардык отурумдагы илимий баяндамалар окулуп, катышуучуларга тастыктамалар тапшырылды. Конференцниянын аягында сунуш, пикирлердин негизинде резолюция кабыл алынды.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Талас мамлекеттик университетинин Тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын окумуштуулары жана А. Токтогулов атындагы облустук китепкананын кызматкерлери тарабынан уюштурулду.