01 май 2025

Кароолор: 2

Таластын туристтик мүмкүнчүлүгү жана билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери талкууланды

Облус башчысы Эрмат Джумаев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды. Жолугушууда Талас облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүн арттыруу маселелери, анын ичинде Беш-Таш Улуттук жаратылыш паркын өнүктүрүү жана эл аралык деңгээлге чыгаруу багытында кызматташуу талкууланды. Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин билим сапатын жогорулатуу, Россиянын жогорку окуу жайлары менен биргелешкен программаларды түзүү жана студенттерге эки мамлекеттин дипломун алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.