30 апрель 2024

Кароолор: 3

ТАЛАСТА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН КОМИТЕТТЕРИНИН КӨЧМӨ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Бүгүн 30-апрелде Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында КР Жогорку Кеңешинин комитеттеринин көчмө жыйыны болуп ѳттү. Аталган жолугушууга КР Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинен Аманкан Кенжебаев, Жаныбек Кыдыкбаев, Султанбай Айжигитов, Жалолидин Нурбаев, Акбокон Таштанбеков, Алишер Эрбаев жана Социалдык саясат боюнча комитетинен Гүлкан Молдобекова, Винера Раимбачаева жана ЖК депутаты Марат Мураталиев катышты. Ошондой эле эл ѳкүлдѳрүнүн кѳчмѳ жыйынына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов да катышты.

Кѳчмѳ жыйында облус тургундары жер, жол, мектеп, бала бакча жана медициналык мекемелердин курулуштарына байланыштуу маселелерин кѳтѳрүшүп, чечип берүүнү суранышты. Мындан сырткары “Барчын” балдар лагерин оңдоп берүү, дыйкандардын эмгеги акталыш үчүн картошкага болгон бааны кѳтѳрүү, бала бакчалардын тамак-аштарына бѳлүнгѳн акча каражатынын суммасын жогорулатуу сунуштарын айтышты.

Облустук драма театрда ѳткѳн Жогорку Кеңештин көчмө жыйынында көтөрүлгөн ар бир маселе чечимге киргизилип, мындан аркы иштер көзөмөлгө алынаарын эл өкүлдөрү билдиришти.

Белгилеп кетсек, КР Жогорку Кеңешинин Агрардык комитети жана Социалдык комитетинин мүчѳлѳрү Талас облусуна үч күндүк иш сапары менен келишкен. Анын алкагында эл менен жолугушуп, кѳйгѳйлѳр менен таанышуу максатында буга чейин облустун райондорунда кѳчмѳ жыйындарды ѳткѳрүшкѳн. Ошондой эле эл ѳкүлдѳрү облустагы билим берүү, саламаттык сактоо мекемелерин кыдырып, андагы абал менен таанышышкан.