05 май 2025
Кароолор: 3
Таласта «Жер Эне» форуму жана улуттук баалуулуктарды даңазалаган фестивалдар өткөрүлдү

Бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу Кыргызстан Аялдар Комитети менен биргеликте К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драм театрында “Жер Эне” форуму жана “Супара”, “Жаргылчак” фестивалдары өттү.
Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова форумдун максаты эл арасындагы тынчтыкты бекемдөө менен элдин нарктуулугун жогорулатуу, улуттук демди жандантып, дүйнөлүк бийиктикке умтулуу менен Уңгу Жолунда ынтымак ырашкерчиликти чыңдоо экенин белгилеп, иш-чарага катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышевге, Кыргызстан Аялдар Комитетинин жетекчилигине, ишкер айым Элмира Токоевага ыраазычылык билдирди.
Форумда аксакалдар, жигердүү айымдар жарыш сөзгө чыгып, сунуштарын айтышты. Көргөзмөгө кыргыз эненин берекелүү супарасында жасалган нан азыктары коюлуп, жаргылчакта тартылган дандан өндүрүлгөн улуттук суусундуктар коюлду.
Форум чоң программадагы концерттик программа менен коштолуп, жергиликтүү “Марал” брендинин улуттук кийимдери жана дизайнер Назира Карагулованын саркеч кийимдери көрсөтүлдү.