01 февраль 2024

Кароолор: 20

ТАЛАСТА ЖАӉЫ 2 МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн 1-февралда Талас районунун Нуржанов айыл ѳкмѳтүнө караштуу Кѳк-Токой айылында Шекербек Шеркулов атындагы орто мектебинин жана Бакай-Ата районунун Оро айыл ѳкмѳтүнө караштуу Кыргызстан айылында Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин ачылыш аземи болуп ѳттү. Билим уяларынын ачылыштарына Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев, ЖК депутаты Руслан Жакышев, район акимдери Нургазы Нармырзаев, Алгынбай Имаров, айыл өкмөт башчылары, мекеме уюм жетекчилери, жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Буга чейин Кѳк-Токой айылында окуучулар 1964-жылы курулган 120 орундуу эскилиги жеткен мектепте билим алып келген болсо, Кыргызстан айылында 1968-жылы курулган жараксыз абалдагы окуу имаратында окуп келишкен. Жаңы курулган 275 орундуу Шекербек Шеркулов атындагы орто мектебинин курулуш иштери 2016-жылы башталган. Ал эми 375 орундуу Тойчубек уулу Жанадил мектебинин курулуш иштери 2014-жылы башталган.

Пайдаланууга берилген билим ордолору заманбап билим берүүгө багытталган бардык керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Мектептердин ачылышына катышкан облус башчысы Нурлан Дарданов жергиликтүү тургундарды жаңы билим уяларынын ачылышы менен куттуктап, окуучуларды терең билим алууга чакырды.