09 ноябрь 2024
Кароолор: 8
ТАЛАСТА ЖАШ УЛАНДАР АРАСЫНДА БОКС БОЮНЧА XIII ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

9-ноябрь күну, Талас шаарындагы Газпром спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаменти жана Талас облусунун бокс федерациясы тарабынан жаш уландар арасында бокс боюнча XIII эл аралык мелдеш башталды. Аталган мелдеш Советтер Союзунун II жана III даражадагы «Данк» орденинин кавалери жана Эмгек ардагери Молдон Мураталиевдин жаркын элесине арналып, эл аралык деңгээлде өтүүдө.
Спорттук иш-чаранын ачылышына облус башчысы Эрмат Джумаев катышып, куттуктоо сөзүндө Талас аймагында бокс боюнча мындай ири деңгээлде мелдеш алгачкы ирет уюштурулуп жаткандыгын белгилеп, уюштуруучулар тобуна, федерация өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди. Ошондой эле мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап, аталган турнир спортчулардын жашоосундагы жаңы ачылыштардын башаты болсун деген тилегин айтты.
Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Джумабеков, Бактыбек Чойбеков, Марат Мураталиев, Марлен Маматалиев, Эрулан Көкүловго КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппартынын төш белгилерин тапшырды.
Өз кезинде Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев мелдештин катышуучуларына ийгилик каалап, жыл сайын демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп келе жаткан Альянс Алтын компаниясына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле буга чейин бокс боюнча Эл аралык мелдеште 3-орунга жетишкен Тыныстан Алыбаевге, машыктыруучусуна жана чет мамлекеттерден келген башкы машыктыруучуларга өзүнүн белектерин тапшырды.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш жыл сайын уюштурулуп келет. Бул ирет жылдагыдан айырмаланып жеңүүчүлөр “спорттун чебери” наамын ала алышат. Ал үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Белоруссия мамлекеттеринен жана өлкө аймагынан жалпы 120 спортчу, 25 эл аралык даражадагы калыстар катышууда. Аталган турнир 9-ноябрдан 12-ноябрга чейин уланмакчы.