18 март 2025

Кароолор: 2

Таласта “Жаңы муун – жаркын келечек, Таза муун – коопсуз келечек” аттуу форум болуп өттү.

Бүгүн, 18-мартта Таласта “Жаңы муун – жаркын келечек, Таза муун – коопсуз келечек” аттуу форум болуп өттү. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев жана 500гө жакын мектеп окуучусу катышты.

Форумдун алкагында Париж - 2024 Олимпиадасынын катышуучулары Жоламан Шаршенбеков, Бекзат Алмаз уулу, белгилүү алып баруучулар Азиз Биймырза уулу, Айзада Жамгырчиева, актер Рустөм Аскенов, блогер Канат Шабданбеков жана депутаттардын Талас шаардык кеңешинин тѳрагасынын орун басары Алибий Джуманов жаштар менен жолугушту.

Форумдун жүрүшүндө Талас облусунун ички иштер башкармалыгы даярдаган кыска метраждуу тасма көрсөтүлүп, окуучулардын суроолоруна жооп берилди. Ошондой эле флеш-моб уюштурулуп, форумдун активдүү катышуучулары ИИМдин медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланды.

Иш-чара жаштар арасында зордук-зомбулуктун, экстремизмдин жана баңгиликтин алдын алуу, коомдун коопсуздугун камсыз кылууга салым кошуу жана аң-сезимдүү жарандык позицияны калыптандыруу максатында уюштурулду.