21 май 2025

Кароолор: 3

Таласта заманбап сейил бактын курулушу башталды

Бүгүн, 2025-жылдын 21-майында Талас шаарында заманбап аттракциондор менен жабдылган жаңы сейил бактын курулушуна расмий старт берилди. Иш-чара алкагында мезгил кутусу (капсула) салынды.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Борбордук сейил бакта 8 түрдүү заманбап аттракцион орнотулат. Аталган жабдуулар Кытайдан алынып келип, алардын баасы 74 261 000 сомду түзөт. Орнотуу иштерине 25 000 000 сом каражат жумшалмакчы. Жалпысынан долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Сейил бактын курулушу 2025-жылдын август айында аякташы күтүлүүдө. Жаңы аттракциондор шаар тургундарынын жана меймандардын эс алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүп, Талас шаарынын туризмин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.