09 май 2025

Кароолор: 2

Таласта Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 2025-жылдын 9-майында, Талас шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өттү. Салтанатка облустук жана шаардык жетекчилер, ардагерлер, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чара «Баатырлар» паркындагы митинг-реквием менен башталып, курман болгон жоокерлердин элесине куран окулуп, эстеликке гүл чамбарлар коюлду.

Андан соң шаар көчөлөрү аркылуу «Өчпөс полк» жөө жүрүшү өтүп, катышуучулар өз ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп, алардын эрдигин эскеришти.

Майрамдык иш-чара Э. Кутманалиев атындагы стадиондо уюштурулган концерттик программа менен улантылып, көрүүчүлөргө патриоттук ырлар, бийлер жана театрлаштырылган көрүнүштөр тартууланды.