20 апрель 2024

Кароолор: 2

ТАЛАСТА УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн 20-апрел Улуттук тазалык күнүнѳ карата Талас облусунун бардык аймактарыда айлана-чѳйрѳнү тазалоо, кѳрктѳндүрүү иштери жасалды.

Президент Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген. Ага ылайык, бүгүн облустун бардык аймактарында массалык ишембилик уюштурулду. Натыйжада айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандылардан арылтуу, имараттарды жана Суусамыр-Талас-Тараз авто жолунун жээгиндеги бак-дарактарды актап сырдоо иштери аткарылды.

Мындан сырткары гүл жана бак дарак көчөттөрүн отургузуу иштери жасалды.