11 октябрь 2024
Кароолор: 9
ТАЛАСТА УЛУТТУК КЫРГЫЗ КҮРѲШҮ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ѲТҮҮДѲ

ТАЛАСТА УЛУТТУК КЫРГЫЗ КҮРѲШҮ БОЮНЧА МЕЛДЕШ ѲТҮҮДѲ
Бүгүн, 11-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин катышуусунда Талас шаарындагы "Газпром" спорттук залында Улуттук кыргыз күрөш боюнча мелдештин ачылышы болду.
Ага өлкө аймагынан жана коңшу Казакстан Республикасынан 70, 90 жана абсолюттук салмак категориясындагы балбандар катышууда. Мелдештин финалдык бөлүгү эртең 12-октябрда Улуттук Манас ордо комплексинде өтөт. Абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсүнө автоунаа тапшырылат.
Эске салсак, аталган мелдеш Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.