05 февраль 2024

Кароолор: 10

ТАЛАСТА ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ АРАКЕТТЕРИ КОЛГО АЛЫНУУДА

Бүгүн 5-февралда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов Таласка иш сапары менен келген Туризм департаментинин директору Нурмухаммед Миңбаевди кабыл алды. Жолугушууда облус аймагында туризмди ѳнүктүрүү аракеттери, туристтик жайлар боюнча кеңири талкуу жүрдү.

Облус жетекчиси Нурлан Дарданов Талас облусу табияты кооз, ошол эле учурда тарыхый окуяларга бай аймак экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал туризмди ѳнүктүрүү аракеттерине мүмкүн болушунча колдоо кѳрсѳтѳѳрүн билдирди.

Андан соң Нурмухаммед Миңбаев ѳкүлчүлүктүн жыйындар залында Талас облусунун туризм боюнча кеңешинин отурумуна катышты. Отурумда облуста туризмди ѳнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары, аймактагы инфротүзүмдү жакшыртуу зарылчылыгы, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды. Муну менен катар жыйында туризмди ѳнүктүрүү боюнча иш алпарып жүргѳн «Дестинация Талас» коомдук бирикмесинин жетекчиси Азамат Асеин уулу туристтердин кызыгуусун арттыруучу Таластагы тарыхый жайлар боюнча маалымат берип ѳттү. Туризм департаментинин директору Нурмухаммед Миңбаев Талас облусу тарыхый мааниси зор улуу Талас салгылашуусу болуп ѳткѳн аймак катары чет элдиктердин кызыгуусун арттырса, экинчиден «Манас ордо» улуттук комплекси жана кѳз жоосун алган жаратылышы менен туристтерди ѳзүнѳ тартаарын билдирди. Ошондой эле ал туристтик тармактарды ѳнүктүрүү менен облустун социалдык экономикалык ѳнүгүүсүн камсыздоого жол ачылаарын белгилеп, туристтик тейлѳѳ борборлорун курууга ылайыктуу жерлерди иштетүү керектигине токтолду.