19 апрель 2025

Кароолор: 2

Таласта татар-башкыр “Дослык” ансамблинин майрамдык концерти өткөрүлдү

2025-жылдын 19-апрелинде Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин концерттик залында татар-башкыр “Дослык” ансамблинин майрамдык программасы тартууланды.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын колдоосу менен Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулду.

Концерттик программада татар-башкыр улутунун бай маданияты жана искусствосу кеңири тартууланып, катышуучулар үчүн эстен кеткис майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чаранын соңунда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова “Туган Тел” татар-башкыр маданий борборунун төрайымы Гульсина Ульмаскуловага “Ыраазычылык кат” тапшырып, боордош татар улутунун таланттарына ийгилик каалады.

Учурда Талас облусунда татар улутунун өкүлдөрү болуп саналган 127 үй-бүлө жашайт.