11 апрель 2025
Кароолор: 3
Таласта ташталган жана ажыраган балдарды колдоо долбоорунун жыйынтыктоочу жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйын залында “Балачак институту” коомдук фондунун БОМКА 10 гранттык схемасынын алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Кыргызстандын Талас облусундагы ташталган жана ажыраган балдардын кызмат көрсөтүүсүнө көмөктөшүү” аттуу долбоордун жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.
Пилоттук долбоор Талас облусунда ийгиликтүү ишке ашып, социалдык мекемелердин ортосундагы кызматташууну күчөтүүгө чоң өбөлгө түздү. Долбоордун алкагында облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова “Балачак институту” коомдук фондусуна ыраазычылык кат тапшырды.
Сегиз айга созулган долбоор учурунда Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондор аралык социалдык өнүгүү, миграция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, орто мектептердин социалдык педагогдору, балдар иштери боюнча комиссия мүчөлөрү 72 сааттык окутуудан өтүштү. Натыйжада, ташталган жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар тууралуу электрондук база түзүлдү.
Долбоордун башкы максаты — 30 баланы базага каттап, тийиштүү мекемелердин ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу болгон. Жыйынтыгында төмөнкүдөй маалыматтар базага киргизилди:
Манас району – 6 бала
Талас шаары – 6 бала
Талас району – 6 бала
Айтматов району – 9 бала
Бакай-Ата району – 12 бала
Бул база баланын дареги, статусу, муктаждыгы тууралуу маалыматты ачык-айкын чагылдырып, тийиштүү органдардын ыкчам жана натыйжалуу иш алып барышына өбөлгө түзөт.
“Балачак институту” коомдук фондусунун жетекчиси Нуржамал Ибраева өз сөзүндө облус жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, окутуудан өткөн кызматкерлер мындан ары башка аймактардагы адистерге да үйрөтүүчү тренер катары иш алып бара алышарын белгиледи.