04 октябрь 2025
Кароолор: 4
Таласта Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйү ишке берилди

Бүгүн, 4-октябрда Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагындагы Жоон-Дөбө айылында жайгашкан Ташбоо Жумагулов атындагы маданият үйү капиталдык оңдоп түзөөдөн кийин салтанаттуу түрдө ишке киргизилди.
Иш-чарага Талас облусунун башчысы Эрмат Джумаев, КР Президентинин Администрациясынан Октябрь Капалбаев, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Эл Баатыры Алиясбек Алымкулов, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктигинин директору Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Эр Артисти Асылбек Өзүбеков, Ташбоо Жумагуловдун жубайы, драматург, театр артисти, акын, продюсер, журналист Жеңишгүл Өзүбековалар катышышты. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
“Бүгүн Жоон-Дөбө айылында көптөн күткөн кубанычтуу күн. Тагыраагы коомдук ишмер Ташбоо Жумагулов атындагы маданиятүйүнүн салтанаттуу ачылышына чогулуп отурабыз. Сметалык наркы 32 685, 508 миӊ сомду түзгөн имарат республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап талаптарга жооп берген шартта кайрадан өз эшигин ачууда. Биз көрүп турган жаңылануу – бул Мамлекетибиздин аймактарды, өзгөчө маданияттармагын өнүктүрүүгө жасаган чоң камкордугунун жана көңүл буруусунун айкын далили. Маданий очоктордун жаңыланышы – бул биринчи кезекте коомдун биримдигин бекемдеп, улуттук нарк-дөөлөттөрдү жайылтууга чоң өбөлгө түзөт”, деп билдирди Эрмат Джумаев.
Ыйгарым укуктуу өкүл белгилегендей, өлкө башчыбыз Садыр Нургожоевич Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттеринин натыйжасында Талас облусунда да бир катар экономикалык, социалдык, туристтик, объектилерди, инфраструктуралык түзүмдөрдүоңдоо жана куруу иштери кеңири жүрүп жатат.
“Жаңыдан оңдолгон маданият үйүндө мыкты деңгээлдеги иш чаралар өтүп Ташбоо Жумагулов агайыбыздын элеси түбөлүк сакталаарына терең ишенем. Ар дайым ыр-күүгө, өнөргө, элдин биримдигине толуп, элибиздин ынтымагын арттырган, таланттарды таптап, жаштарыбызга туура жол көрсөткөн чыныгы маданият очогу болсун”, деп кошумчалады Талас облусунун башчысы.
Коомдук ишмер жана агартуучу Ташбоо Жумагулов 1950-жылы 16-январда Талас облусунун Жоон-Дөбө айылында туулган.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчиси кызматтарын аркалаган. Агартуу жана маданият тармагында көп жыл эмгектенген. Бир катар жогорку окуу жайларынын ардактуу профессору, «Даңк» медалынын ээси болгон.