28 ноябрь 2024

Кароолор: 7

ТАЛАСТА СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТӨРДҮН ЖОЛУГУШУУСУ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында Кыргызстандагы Чоңдорго Билим берүү Ассоциациясы, “Мугалим” коомдук фонду менен биргеликте социалдык өнөктөштөрдүн жолугушуусу өттү.

Жолугушууда калктын калың катмарын финансылык, салык жана санариптик сабаттуулук боюнча окутуу тууралуу негизги үч маселе талкууланды. Өкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримова Кыргыз Республикасынын Президентинин №296 Жарлыгын ишке ашырууда ашыкча ысырапкорчулук, диний каадаларды жана салттарды этибар албай, граниттен же мрамордон чоң күмбөздөрдү куруу, мүрзөлөрдү кымбат металл тосмолор менен курчоо бири-бири менен атаандаштыкка айланганын токтотуу, маркумду акыркы сапарга узатууда, той-аштардагы чыгымдарды азайтуу үчүн финансылык сабаттуулукка окутуу зарыл экенин белгиледи.

Салык жана санариптик сабаттуулукка окутуу боюнча “Мугалим” коомдук фондунун жетекчиси Зухридин Садабеков, Талас шаардык калкты тейлөө борборунун улук оператору Улугбек Жетибаев олуттуу сунуштарды киргизишти. Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев финансылык, салык жана санариптик сабаттуулук боюнча кеңири масштабда окутууга университетте мүмкүнчүлүк бар экенин айтып өттү.

Акимдердин орун басарлары, Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Талас районундагы Беш-Таш, Каракол, Бакай-Ата районундагы Күмүштак айыл аймактарынын башчылары “Мугалим” коомдук фонду менен зордук-зомбулуктун алдын алуу багытында алгылыктуу иштер жасалганына токтолуп, 2025-жылга карай соцконтракт алган үй-бүлөлөргө финансылык, салык жана санариптик сабаттуулук боюнча окутууларды өткөрүү муктаждыгы бар экенин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда социалдык өнөктөштөрдүн келээрки жылга карата иш планы иштелип чыкты.