24 январь 2025

Кароолор: 4

ТАЛАСТА САЛАМАТТЫК САКТОО ТАРМАГЫНЫН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА МЕДИЦИНАЛЫК КЕҢЕШИ ӨТТҮ

Бүгүн, 24-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондусунун Талас облустук башкармалыгынын жыйын залында саламаттык сактоо тармагынын 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча медициналык кеңеш өттү.

Медициналык кеңешке КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова катышты.

Кеңешмеде Талас облустук саламаттык сактоо мекемелеринин 2024-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, анда бир катар жетишкендиктер менен көйгөйлөр айтылды.

Медицина тармагындагы эң оор маселе бул дарыгерлердин жетишсиздиги. Ошондой эле акыркы учурларда кызамык, сарык, кургак учук ооруларынын көбөйүшү байкалууда. Мунун бирден бир себеби, эмдөөдөн өтпөй калган жарандар.

Кеңешменин соңунда Бүбүжан Арыкбаева Талас облустук кургак учукту дарылоо ооруканасында заманбап көчмө флюра бар экенин айтып, кургак учук очоктору боюнча кечиктирилгис иш алып баруу керектигин, эмдөө менен гана кызамык оорусун басаңдатууга болоорун тастыктап, эне жана бала өмүрүн сактоо иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова жугуштуу жана өнөкөт ооруулардын алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттер көрүлөөрүн айтты.

Талас облусунда стационардык жардам көрсөткөн ооруканалардын саны 7, анын ичинен Талас шаарында Ч. Мамбетов атындагы ТОБО, облустук кургак учука каршы күрөшүү борбору, Талас облустук эмгек ардагерлеринин жана майыптарын дарылоо, реабилитациялоо ооруканасы, Талас областтык стоматологиялык поликлиника, 1 Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борбору, Талас облустук кан борбору, Талас облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору андан тышкары ФОМС, ЦКУЗ, соттук-медициналык экспертизасы мед колледж, 2 ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору жайгашкан. Райондордо 4 ЖДПБ, 36 ҮДТ, 51 ФАП жайгашкан.