06 декабрь 2024

Кароолор: 16

ТАЛАСТА РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Бүгүн, 6-декабрда К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык дарма театрында “Манас” үчилтиги, Айтматов ааламы дүйнөлүк адабияттын алтын казыгы, мамлекеттик тил эл казынасы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Драм театрдын залында А.Токтогулов атындагы облустук китепканасы, Талас облустук мамлекеттик архиви, Талас мамлекеттик университетинин көргөзмөлөрү уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова конференциянын катышуучуларын куттуктап, алыстан келген сыйлуу конокторго ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргыз Билим берүү академиясынын академиги филология илимдеринин доктору, ТалМУнун Ардактуу профессору Советбек Байгазиев, И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, профессор Самат Жумалиев, КР УИАнын илимий кызматкери, профессор Жылдыз Орозобекова он-лайн салам жолдошту.

Конференцияда белгилүү манасчы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер филология илимдеринин доктору, профессор Таланталы Бакчиев “Манас” айтуудагы салттуулук”, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Жүрсүн Орозалиева “Манас” эпосундагы адам аттарынын герменевтикалык маанилери, доцент, филология илимдеринин кандидаты Наргул Осмонова Ыманалиевна “Манас” эпосундагы фразеологизмдердин орду” аттуу илимий баяндамаларды жасашты.

"Манас эпосунун күнү", улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналып, Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлыктын алкагында өткөн “Манас” үчилтиги, Айтматов ааламы дүйнөлүк адабияттын алтын казыгы, мамлекеттик тил эл казынасы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференциянын соңунда резолюция кабыл алынып, сертификаттар тапшырылды. Майрамдык маанай тартуулаган концерттик программа менен коштолуп, жагымдуу нотада жыйынтыкталды.