04 октябрь 2024

Кароолор: 10

ТАЛАСТА ПЕРИНАТАЛДЫК БОРБОРДУН КУРУЛУШУНА МЕЗГИЛ КУТУСУ САЛЫНДЫ

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев Талас облустук биргелешкен ооруканасынын базасындагы перинаталдык борбордун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чарага КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев, Германия ѳнүктүрүү банкынын Борбордук Азиядагы аймактык директору Андреас Шнайдер жана Ч. Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчилиги, кызматкерлери катышты.

Аталган долбоор энелер жана ымыркайлар үчүн медициналык жардамды модернизациялоо максатында «Эне жана баланын ден соолугун коргоо» программасынын IX фазасынын алкагында Германия ѳкмѳтүнүн жана Германия ѳнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.

Эки кабаттан турган 63 керебеттүү перинаталдык борбордо кабыл алуу бѳлүмү, тѳрѳт бѳлүмү, операцялык блок, реанимация жана интенсивдүү дарылоо бѳлүмдѳрү камтылат. Курулуш иштерин 2026-жылы аяктап, ишке берүү мерчемделүүдѳ.