22 август 2024

Кароолор: 11

ТАЛАСТА ПАРИЖ – 2024 ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН ТОСУП АЛУУ АЗЕМИ ӨТТҮ

Бүгүн, 22-августта Талас облусундагы Улуттук Манас ордо комплексинде Париж – 2024 Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын тосуп алуу аземи өттү.

Ага Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, шаар мэри, район акимдери жана олимпиада оюндарында ийгилик көрсөткөн сыймыктуу спортчулар Мээрим Жуманазарова, Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Айпери Медет кызы, Бекзат Алмаз уулу, Мунарбек Сейитбек уулу, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана алардын машыктыруучулары ошондой эле жергиликтүү күйөрмандар катышты.

Иш-чарада ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев куттуктоо сөз сүйлөп, анда спортчулардын бул жеңиши менен жалпы кыргыз журту сыймыктанаарын, тарыхта калган бул жетишкендиктер ар дайым элибиздин эсинде сакталып кийинки келечек муун үчүн чоң өрнөк, шык жана дем-күч болоорун билдирди. Ошондой эле спортчулардын мындан аркы спорттогу кадамдарына ийгиликтерди каалап өттү.

Сыйлоо аземинде күмүш медаль ээси Мээрим Жуманазаровага 3 млн, коло байге ээлери Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбековго 1,5 млн, күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулуна 1 млн, коло медаль ээлери Айсулуу Тыныбекова жана Акжол Махмудовго 500 миң, Айпери Медет кызына жана Бекзат Алмаз уулуна 300 миң сом акчалай сыйлыктын сертификаттары тапшырылды. Ошондой эле машыктыруучулар үчүн сыйлык каралып, башкы машыктыруучуларга 150 миң сом ал эми улук жана жеке машыктыруучуларга 100 миң сомдон ыйгарылды. Буга кошумча айым спортчуларга белекке зер буюмдар берилип, ал эми мырза спортчулардын ар бирине аргымак мингизилди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулган салтанатуу иш-чараны жеке ишкер Билим Майнаев жана “Кыргыз Логистик сервис”, “Аджи сервис” башкы демөөрчү Альянс Алтын компаниясы колдоп демѳѳрчүлүк көрсөтүштү.

Иш-чарада көрүүчүлөрдүн назарына улуттук салбуурун оюндары жана театрлаштырылган спектакль тартууланды. Ошондой эле салтанаттуу иш-чара гала-концерт менен коштолуп, шаңдуу маанайда түнкү жарык чачуучу фейерверктер менен жыйынтыкталды.