25 апрель 2024

Кароолор: 1

ТАЛАСТА ӨТҮП ЖАТКАН КОРГОО МИНИСТРЛИГИНИН АСКЕРДИК МАШЫГУУСУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Бүгүн 25-апрелде Талас облусунда КР Коргоо министрлиги тарабынан уюштурулган “Коопсуздук 2024” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу жыйынтыкталды. Машыгуу жалпысынан 3 күнгѳ созулду. Анда аскердик абал шартында мамлекеттик жана аскердик башкаруу органдарынын күжүрмөн даярдыгын жогорку даражага келтирүү багытында окутуулар менен практикалык машыгуулар уюштурулду. Аталган аскердик иш чарага КР Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары, Талас облусунун мамлекеттик жана башкаруу органдары, УКМК, ИИМ, ӨКМдин аймактык бѳлүмдѳрү, ошондой эле облустун резервдик түзүлүштөрү катышты. Муну менен катар КР Куралдуу күчтѳрүнүн чопкутталган аскердик техникалары тартылган.

Машыгуунун жыйынтыктоочу аземи К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болуп, машыгуунун ѳтүшүнѳ салым кошкон жарандарга жана машыгууда күжүрмѳн даярдыгын кѳрсѳткѳн катышуучуларга КР Коргоо министрлигинин ыраазычылык каттары жана мактоо баракчалары тапшырылды. Муну менен катар КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлчүлүгү тарабынан машыгууну ѳткѳрүүдѳ жигердүү иш алпаргандыгы үчүн КР Күч түзүмдѳрүнүн жетекчилерине жана кызматкерлерине Ардак грамоталар ыйгарылды.

Эске сала кетсек машыгуу 23-апрелде башталган. Бир канча этаптан турган машыгуунун экинчи күнүндѳ Бишкек шаарындагы Манас аэропортунан чыккан КР Куралдуу Күчтѳрүнүн «АН-26» үлгүсүндѳгү абадан кол салуудан коргонуучу учагы менен Россиянын Куралдуу Күчтѳрүнүн ыр жана бий ансамбли Талас аэропортуна конушкан. Алыстан келген аскердик ансамбль машыгуунун катышуучуларына жана Талас элине концертик программасын тартуулашкан.